ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Польшанын премьер-министри Туск мамлекеттик төңкөрүшкө шектелүүдө

0
Польшанын өкмөт башчысы Дональд Тускка карата мамлекеттик төңкөрүш уюштурган деген шек менен иликтөө башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Богдан Свенкович айтканын "Газета Выборча" басылмасы жазды.


Свенкович 60 барактан турган билдирүү менен январдын соңунда прокуратурага кайрылган. Тусктан тышкары кылмышка бир нече министр, депутат, сот жана прокурорлор шектелүүдө.


Документке ылайык, 2023-жылдын 13-декабрынан бери бул адамдар Польшанын конституциялык системасын өзгөртүү, Конституциялык соттун жана башка конституциялык органдардын ишмердүүлүгүн токтотуу максатында "уюшкан кылмыштуу топтун курамында" иш алып барышкан.


Свенчковскийдин билдирүүсүнө жооп катары Туск пинг-понг ойноп жаткан видеоролик жарыялап, алдына "мамлекеттик төңкөрүш" деп жазып койгон.




Польшанын президенти Анжей Дуда мамлекеттик төңкөрүш тууралуу маалыматтарга каршы же макул эмес экенин түз айткан жок, болгону Свенчковскийди тажрыбайлуу прокурор деп атады.


2023-жылдын декабрь айынан тартып Польшанын өкмөтүн "Жарандык платформанын" лидери Дональд Туск башында турган коалиция жетектейт.


Мамлекеттин башында оппозициядагы "Укук жана адилеттүүлүк" консервативдүү партиясынан дайындалган Анжей Дуда турат.


Май айында президенттик шайлоо өтөт. Дуда бул жолу ага катыша албайт.