Грузиянын парламенти оппозициялык депутаттарды мандатынан ажыратты
Грузияда бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары парламенттин 5-февралдагы пленардык жыйынында былтыр 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо утуп келген оппозициялык 49 эл өкүлүн мандаттан, анын ичинде депутаттык кол тийбестиктен ажыратууну бир добуштан колдошту.
Грузин парламенти, Конституцияга ылайык, 150 депутаттан турат. Шайлоодон кийин оппозициялык “Өзгөрүүлөр үчүн”, “Күчтүү Грузия” жана “Биримдик” коалициясынын депутаттары добуш берүү бурмалоо менен коштолгонун жарыялап, мандаттарынан баш тартуу боюнча парламентке кайрылышкан. Шаршемби күнү парламенттик көпчүлүк дал ушул кайрылууну канааттандырды.
Төртүнчү оппозициялык “Грузия үчүн” партиясы октябрь айындагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, парламенттин ишине бойкот жарыялаган менен мандаттан баш тарткан эмес. Ошондуктан алардын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу маселеси добушка коюлган жок. Алардын парламентте 12 мүчөсү бар.
Ошентип грузин парламентинде депутаттардын саны 101 болуп калды. Бул сан Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесинде жетишсиз, бирок калган бардык мыйзамдарды кабыл алууга жетиштүү.
Парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясынын катышуучулары "Грузин кыялы" партиясы түзгөн өкмөттү Евробиримдиктен оолактап, Москвага жакындаганы үчүн айыптап, "биздин келечекти уурдады" деп айтышкан.
Грузияда 26-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин массалык акциялар башталган. Оппозициялык күчтөр добуш берүү бурмаланды деп санашкан.
Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгы боюнча бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,09% добуш алган. Ага ылайык, башкаруучу партия парламенттеги 150 мандаттын 89уна ээ болгон. Оппозициялык күчтөргө жалпысынан 61 мандат тийген.
27-декабрда Кошмо Штаттар Орусияга ыктаган миллиардер, мурдагы өкмөт башчы, "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилиге санкция салган.