Жогорку Кеңеш фамилияга "теги" мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду
Жогорку Кеңеш 6-февралдагы жыйынында кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоорунда жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган.
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү экенин белгиледи.
Айрым депутаттар балдар үйүндө чоңоюп, шарттуу фамилия берилип калгандар, никесиз төрөлгөн, атасынын атын алгысы келбеген балдар кандай болоруна кызыгышты.
"Бизде никесиз төрөлгөн балдар көп, алар кандай кылат. Алардын нике күбөлүгү жок, расмий чоң атасы жок. Биз "чоң ата" деп жазып койгонбуз, "таята" деген жок", - деди депутат Акбөкөн Таштанбеков.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бул бир вариант катары көргөзүлгөнүн, эгер жаран кааласа жети атага чейин же таятасынын фамилиясына, болгону, эркек линия менен жазса болорун белгиледи.
Кабыл алынган мыйзам долбоору боюнча, мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо атасынын атына “кызы” деп уланат.
Экинчи вариантта чоң атасынын атына “теги” мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат.
Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмөнүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.
Буга чейин юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков фамилиясына “тегин” мүчөсүн кошуп катталган 230 гана жаран бар экенин билдирген. Мыйзам кабыл алынып калса, алардын фамилиясы өзгөрүүсүз кала берерин, өзгөртүү мыйзам кабыл алынгандан кийинки мөөнөткө тиешелүү болорун тактаган.
Жыйында айрым депутаттар аты-жөндү жазуунун бул варианттары татаал болуп каларын айтышкан.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет.
Мыйзам долбоору эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. (КЕ)