Президент Садыр Жапаров элди шайлоого активдүү катышууга чакырды
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды добуш сатып алууга каршы күрөшүүгө жана шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин 6-февраль - Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө байланыштуу элге кайрылуусунда айтылат.
Мамлекет башчы кабыл алынган мыйзамдар, укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын аракеттеринин аркасында соңку мезгилде шайлоочулардын добушун сатып алуу кыйла төмөндөгөнүн билдирип, жарандар да бул ишке салым кошушу керектигин кошумчалады.
“Шайлоо маалында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгон учурда бийликке келүүнү кѳздѳгѳндѳрдүн ѳзүнүн тарапташтарынын чакан тобун ишке тартуу менен, шайлоочуларды адаштырып-жазгырып жеке кызыкчылыктары үчүн “жеңил” өтүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошондуктан жарандар активдүү катышып, татыктууларды тандоо аркылуу шайлануучу органдардын сапаттык курамына таасир эте турган ѳздѳрүнүн укуктарын жүзѳгѳ ашырышы маанилүү!”, - деп айтылат кайрылууда.
Кыргызстанда элдин шайлоодо добуш берүүсү жыл сайын төмөндөп жатат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.
Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес.
2023-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып, кайра артка чакыртып алган. (BTo)