ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуккан эки бала чарчап калды

0
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык оорусун жугузган эки бала чарчап калды. Алардын бири бир жашка чыга элек наристе, экинчиси 8 жашта болгон.


Биринчиси эмдөө курагына жете элек болсо, экинчиси баш тартуу болгондуктан эмделбей калган. Бул маалыматты Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова "Азаттыкка" ырастады.



Жыл башынан бери кызамыкка чалдыккан 1681 бейтап катталган.



Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмделген эместер экени аныкталган.


Оорунун жайылышына ички, тышкы миграция дагы таасирин тийгизип жатканы белгиленген жана Бишкекте, Чүйдө илдетти жугузгандар көп экени айтылган. Үч бала чарчап калган.




СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү.



Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.



2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.



Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (КЕ)