ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Ишкер Аскар Салымбековго "Эмгек Баатыры" даражасы ыйгарылды

0
Ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбековго “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды.


Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация кабарлады. Салымбековго мындай наам Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн берилгени жарлыкта белгиленген.



Белгилүү олигарх Аскар Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мэри болгон. Ал “Эмгек” саясий партиясын түптөп, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, босого чектен өтпөй калган.



“Дордой Ассоциациясы” бирикмесинин ардактуу президенти. Ушул күндөрү Салымбековдун 70 жылдык мааракеси белгиленип жатат. (КЕ)