Садыр Жапаров Бээжинде Си Цзинпин менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров 5-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Бээжин шаарында Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Си Цзинпин жана анын жубайы Пэн Лиюан тосуп алды.
Жапаров мунун алдында Кытайдын премьер-министри Ли Цян менен жолугушуп, соода-сатык, инвестициялык маселелер, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Кыргыз президенти Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Бул сапарда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталан биргелешкен декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.
Бул Садыр Жапаровдун быйылкы жылдагы алгачкы чет өлкөлүк сапары. Сапар соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө. Былтыр 27-декабрда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилген. Ага чейин кыргыз өкмөтү кытай компаниялары менен чогуу Чүй облусунда 700 гектар аянтты ээлей турган "Манас" соода-логистикалык шаарын курарын жарыялаган.
2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы 22,71 млрд долларга жетти. Бул мурунку жылга караганда 15% көп. Анын 91% импорт, 9% экспорт түзөт. (BTo)