Депутат бир кап картошка баасы бир мүшөк ундан кымбат болуп кеткенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Кыргызстанда картошканын баасы кескин кымбаттап кеткенин айтып, кийинки жылы да мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн өкмөттү алдын ала чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин 5-февралдагы жыйынында билдирди.
“Эл үчүн 1 кг картошка 60 сом деген баа жогору. Мисалы, бир кап ун сатып алсаңыз 1700-1800 сом болсо, ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2500-3000 сом болуп калды”, - деди ал.
2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айтты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5% аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.
Түшүмдүн азайышы эгин талааларынын аянтынын 2023-жылдагыга караганда 8,4% кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Картошка Кыргызстандагы тогуз социалдык маанилүү азыктын катарына кирет, аны менен калктын керектөөсүн камыздоо 150% ашат деп эсептелет. (BTo)