Таласта келинди уул-кызы менен өлтүрө сүзгөн айдоочунун иши кыскарды
Таласта үч адам каза болгон жол кырсыгына шектүү айдоочунун иши соттон кыскарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки тарап өз ара келишип алгандыктан иш Талас шаардык сотунан кыскарып, 27-январда шектүү эркиндикке чыккан.
Былтыр 23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында ак түстөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.
Кырсык тартылган видеодон өз жолу менен уул-кызын жетелеп көчөдөн өтүп бараткан келинди, анын эки баласын коюп кеткенден кийин бул автоунаа дагы үч жеңил машинеге барып урунганын көрүүгө болот.
Кырсыктан 31 жаштагы келин жана анын алты жашар кызы, төрт жашар уулу каза болгон.
Кырсыкка шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоодогу коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча айып тагылган.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (MKt)