ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери апрелде башталат

0
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууга даярдык иштери быйыл апрелде башталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радиодогу" интервьюсунда билдирди.



Төрөбаев темир жолду курууга жакында 3,5 миңден ашуун техника алып келинерин, бул кошумча жумуш орундарын түзөрүн кошумчалады. Бул үчүн адистер даярдалып жатканын белгиледи.



27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан.




Жапаров долбоор үчүн коңшу эки өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул Кытай менен Европаны байланыштыра турган темир жол болорун жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошорун айткан.


Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров былтыр июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.



Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.



2024-жылы 6-июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.



Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.



Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (КЕ)