Казакстан Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялоону жылдырды
Казакстандын өкмөтү Актаудагы авиакырсык боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялоону кайрадан башка күнгө калтырды. Буга чейин иликтөө январдын аягында шардана кылынары айтылган.
Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы 25-декабрда Актауга жакын жерде кулаган.
4-февралда Казакстандын транспорт министри Марат Карабаев иликтөө аяктап калганын билдирди. Анын айтымында, эл аралык эксперттер биргелешип иштеп жатат, жыйынтыгы жакын арада министрликтин расмий сайтына жарыяланат.
Иликтөөгө Азербайжан, Орусия, Бразилия жана Нидерланддан адистер тартылган.
Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун эрежелерине ылайык, баштапкы баяндама кырсыктан кийин 30 күндүн ичинде жарыяланышы керек.
Azerbaijan Airlines компаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы кырсыкка учураганда Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын актылоосуна кабылганын билдирген. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.
Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.
Учактын “кара кутулары” Embraer-190 лайнери чыгарылган Бразилияга жиберилген. Январдын ортосунда алардагы маалыматтар Казакстанга кайтарылган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиядан “күнөөсүн таанууну, күнөөлүүлөрдү жазалоону жана жабыркагандарга кенемте төлөөнү” талап кылган.