ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 47 адам каза болду

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстанда 2024-жылы 3148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгонун билдирди. Алардын ичинен жетөө балдар. Ошондой эле 27 киши ар кандай жаракат алган. Тилсиз жоо 883 млн 259 миң сом материалдык зыян алып келген.


Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. Материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң сом болгон.




Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)