ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кыргызстан картошканы экспорттоого чектөө киргизүүнү карап жатат

0
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги социалдык мааниге ээ азык-түлүккө болгон баанын жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.


Монополияга каршы агенттиктин өкүлү “Биринчи радиого” курган маегинде картошка Өзбекстанга жапырт ташылганын билдирген.




Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.


Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5% аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.


Түшүмдүн азайышы эгин талааларынын аянтынын 2023-жылдагыга караганда 8,4% кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Картошка Кыргызстандагы тогуз социалдык маанилүү азыктын катарына кирет, аны менен калктын керектөөсүн камыздоо 150% ашат деп эсептелет. (BTo)