ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ИИМ судья пара талап кылууга шектелип жатканын билдирди

0
Ички иштер министрлиги (ИИМ) райондук соттун судьяларынын бири пара талап кылууга шектелип жатканын кабарлады. ИИМдин 31-январда билдиргени боюнча, кылмыш иши иликтенип жатат.


Расмий маалыматка караганда, милицияга судья сотто каралып жаткан ишке байланыштуу миң доллар талап кылганын айтып бир жаран кайрылган. Арыз ээси шектүүгө буга чейин дагы миңдеген сом бергенин айткан.


ИИМ факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренесинин негизинде иш козголуп, мыйзамсыз аракеттерге судьянын катыштыгы бар экени аныкталганын билдирүүдө.




“Тергөөнүн жүрүшүндө пара түрүндө акча алуу фактылары катталган. ИИМдин кызматкерлери пара алууга ортомчу болгон эки жаранды кармап, алардан мурда атайын белгиленген акча каражаттары табылып, алынды”, - деп жазылган милициянын маалыматында.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Шектүү кайсы райондун судьясы экени кабарланган жок. Адвокаттары жана сот мекемеси комментарий бере элек.


Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин билдирген. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин айткан. (КЕ)