Орунтаев Бишкекте чарчы метри 4 миң долларга сатылып жаткан объектилер бар экенин айтты
Бишкектеги турак жай баасы боюнча маселе 31-январда Жогорку Кеңештин "Мекенчил" фракциясынын жыйынында көтөрүлүп, анда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев борбор калаада ар бир чарчы метри 4000 доллардан сатылып жаткан жайлар бар экенин билдирди.
Депутат Айбек Алтынбековдун турак жайдын өздүк баасы канча болуп жатканы боюнча суроосуна жооп берген Орунтаев панелдик үйлөр арасында чарчы метри 600 долларлыгы бар экенин, ал эми каркас ыкма менен салынгандардыкы 900-1100 долларга чыгып жатканын билдирди. Анын айтымында, даяр үйдөгү базар баасы 1500 доллардан башталган учурлар да бар.
Бишкек Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын сап башына чыкканын белгилеген депутат Алтынбековдун "Алды 3000 долларга чейин чыкты” деген суроосуна агенттиктин директору Орунтаев "Бир объектибиз бар, баасы бүгүнкү күндө 4000 долларга чыкты" деп жооп берди.
“Базар баасынын эң эле арзаны, даяр үйдө, котловандан алганда деле 1200-1300дөн сатып жатышат. Жок үйдү 1200-1300дөн. Бишкекте ошондой эле чыгып жатат азыр”, - деген Орунтаев баа жогорулап жатканын борбор калаада көп кабаттуу үй тургузулуучу жер таңкыстыгы менен байланыштырды.
Ал бир нече убакыт мурда сунушталган реновация программасы ишке кирсе батир баасы төмөндөй турганын билдирди.
Нурдан Орунтаев реновация өнөктүгү - Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу жумуштары 2025-жылдын алгачкы айларында башталарын былтыр ноябрда жарыялаган.(ZKo)