УКМК Чүйдө мыйзамсыз жер сатууга шектүү топ кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Москва районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалганын 1-февралда кабарлады. Маалыматка карганда, Садовое айыл өкмөтүнүн Д.М.Т аттуу мурдагы башчысы, Миң-Булак айылдык кеңешинин А.А.К. аттуу төрайымы жана прокуратура органдарынын У.Р.М. аттуу мурдагы кызматкери “Жер мафиясын уюштурган” деп айыпталып жатат.
Атайын кызмат аты аталгандар жеке турак жай салууга арналган жер тилкелерин “материалдык жактан баюу максатында” сатып келишкени аныкталганын билдирди.
“Жогорудагы аталган кылмыштуу топ жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоо киргизүү жана тиешелүү адистердин кол мөөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Мындан сырткары аталган топ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын атына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттатканы да аныкталганын билдирди.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция”, “Документтерди жасалмалоо” беренелери менен иш козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
УКМК 31-январда Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана дагы бир жаран “Жер мафиясын уюштурган” деп айыпталып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин кабарлаган.
Маалыматта буга чейин ушул эле иш боюнча бул айыл аймактын мурдагы башчысы жана дагы эки киши кармалганы жазылган. (КЕ)