Кемин-Сити, Ош-Сити, Асман шаары. Дымактуу долбоорлор качан ишке ашат?
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун аймагында Кемин-Сити деп аталган шаар куруу тууралуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча салынат. Азырынча анын каржы булактары аныктала элек.