Туманбаев президент Жапаровдун МИКке берилген үйү тууралуу иликтөөгө жооп берди
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун 29-январда жарыялаган иликтөөсү боюнча комментарий берди.
Темировдун Ютуб каналына чыккан материалда президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берген үйү “анын мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун баласына өткөнү” айтылат.
“Чынында эле Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү 28 миллион сомго саткан. Алгач бул таза иштей көрүнгөн. Бирок бизде дароо күмөндүү ойлор пайда болду. Шектенгенибиз бекеринен эмес экен. Көрсө, үй президенттин жакын адамдарынын бири болуп эсептелген досу Арзыбек Буркановдун колуна тийген”, - деп баяндайт Темиров.
Иликтөөчү бул үй Буркановдорго өткөнү боюнча мурда айрым гана далилдер болгонун, былтыр 12-декабрда президенттин мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков документтерди жарыялагандагы маалымат “үй президенттин досунун уулу Азат Буркановго өткөнүн тастыктаганын” айткан.
Туманбаев иликтөө боюнча 30-январда Фейсбук баракчасына билдирүү таратып, анда айтылган маалыматтарды четке какты. Мамлекет башчынын МИКке өткөрүлгөн мурдагы үйү ачык аукцион аркылуу сатылганын, андан түшкөн каражат жарандарга берилген көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жумшалганын түшүндүрдү.
“Чындыгында, президент бул үйдү Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергенден кийин атайын комиссия түзүлүп, үй 2022-жылы эле ачык аукцион аркылуу сатылган экен. Президент үйүн компанияга өткөрүп бергенден кийин Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү кимге сатат, өзү билет – бул алардын мыйзам чегиндеги чечими. Төмөндө документтер турат, ачык аукцион аркылуу сатылганы тууралуу документтер турат. Эң башкысы, сатуудан түшкөн каражат Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшүп, ал элге берилип жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жумшалган”, - деп жазды Туманбаев.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 30-сентябрда Бишкектеги үй-бүлөсүнө караштуу үйдү Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергенин билдирген. Ал үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы сатып алып, беш жылдан кийин башка жакка көчүп кетишкенин, ошондон бери бала бакча катары иштеп келгенин тактаган.
Мындай кадамын мамлекет башчысы өлкөдөгү жеке турак жай базарын жакшыртуу, муктаждарды үй менен камсыздоого көмөк көрсөтүү жана “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатын көздөгөнү менен түшүндүргөн.