Мэр Жунушалиев шаар депутаттары ишке тоскоолдук кылып жатканын айтып чыкты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары түрдүү жыйындар аркылуу мэриянын ишине тоскоолдук жаратып жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 30-январда Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялардын жыйынында сүйлөп жатып билдиргендей, 14-январдан бери шаардык кеңештин демилгеси менен 19 жыйын өткөн.
Мэр былтыр ушул убакта мэрия көптөгөн жумуштарды аткарганга жетишкенин, быйыл “депутаттардын айынан эч кандай жумуш аткарылбай” турганын айтты.
“Ошентип күндөрдү өткөрө берген менен Бишкек шаары бизди күтүп турбайт. Бүгүн кар жаап жатат. Мэрия саат 4:30дан бери иштеп жатат. Силер баарыңар чоңсуңар, кыйынсыңар. СММ аркылуу бүт камераларды бетибизге такап жатасыңар. Бирок жумушту ким кылат?.. Акыркы күндөрү талкуу болуп, “Жаңы күч” мэрия мүлктүн баарын жеп-жутуп жатат дегениңерден алдыңарга келдим. Бүт компроматыңарды чыгаргыла, жооп берейин. Уурдасам, жеген болсом, айткыла. Колуңардан келсе, кызматтан кетиргиле. Бирок бир сураныч, жумуштан албагыла. Жогорку Кеңеш да чечим чыгарып, мэрияны жумуштан кармабайлы дешти”, - деди Жунушалиев.
Мэр шаардык кеңештин демилгеси менен өткөн жыйындарда шаар көйгөйлөрү боюнча чечимдер сунушталбай жатканын, “жөн гана убакыт алынганын” кошумчалады.
“Жаңы күч” фракциясынын төрагасы Кубанычбек Конгантиев мэрди депутаттарга сый-урмат менен мамиле кылууга, “добушун төмөндөтүп” сүйлөөгө чакырды.
“Эгерде сиздин кайсы бир депутат менен мыйзам бузуу боюнча дооматыңыз болсо, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Ушуну менен токтотолу. Сиз директордун добушу менен сүйлөп жатасыз. Сиз бизге эмес, шаардыктарга кызмат кылып жатасыз. Ошол шаар тургундары да бизге ар кандай көйгөйлөр менен кайрылат”, - деди Конгантиев.
Жыйындын ортосунда мэр Жунушалиев аягына чейин отурбай чыгып кетти. Айрым депутаттар анын мындай аракетине нааразы болуп, “ыңгайсыз абалда” калтырганын айтышты.
Бишкек шаардык кеңешинде 51 депутат бар. Былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" фракциялары жеңип келген.
Айбек Жунушалиев 2023-жылы октябрда Бишкек шаарына кайрадан мэр болуп дайындалган. Ага чейин 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин да баш калааны башкарган. (TAb)