Өзбекстандын абактарында 42 кыргыз жараны отурат
Өзбекстанда Кыргызстандын 42 жараны сот жообуна тартылып, абакка кесилген. Ал эми Кыргызстанда соттолгон 90 өзбек жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева Жогорку Кеңештин 30-январдагы жыйынында билдирди.
Парламент бул күнү Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө келишимге байланыштуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.
Соттолгондорду өткөрүп алуу жана берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратурасы аркылуу ишке ашат.
Башкы прокурордун орун басары былтыр чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын ичинен 129у которулганын, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келингенин 14-январда парламентте комитет жыйынында айткан.
Маалыматка караганда, Орусиядан 117, Казакстандан 11, Тажикстандан 1 киши Кыргызстанга которулду. Соттолгондордун 700дөйү которулуудан өздөрү баш тарткан.
2024-жылы 1-ноябрына карата маалымат боюнча Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда, 11 жаран Италияда абакта отурат. (КЕ)