ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Ноокаттын жолун сындап, камакка алынган ютубер үй камагына чыкты

0
Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси Азамат Карабаев 24-январда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 30-январда Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Азамат Карабаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Ноокат райондук милициясынын тергөөчүсү берген. Ноокат райондук соту ал өтүнүчтү канаттандырып, 22-февралга чейин үй камагына чыгарган.




Ош облустук милициясы Азамат Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин экинчи бөлүгү ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалганын былтыр 23-октябрда билдирген.


Милиция анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видео-материалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык иш козголгонун, ал тасмада Ноокат районунун Кулатов айыл тургундары бирге 5-июлда ЮКЦ цемент заводуна барып, бейбаштык кылганын билдирген.


Ютубер былтыр 22-октябрда Ноокаттагы жаңы салынган жолдун сапатына нааразылыгын билдирип, Фейсбукка видео жарыялаган.


Ошол эле күнү кечинде милиция аны кармап кеткени белгилүү болгон.


Айрым интернет басылмалар блогердин кармалышын соңку материалына байланыштырган.


“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктаган. Алардын арасында 70теги байбичеден тарта 23төгү студентке чейин бар. (MKt)