ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Ош сити шаарчасы курула турган жер алмашты

0
Ош Сити деп аталган шаарча түшө турган аймак алмашты. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, баштапкы болжолдуу долбоор боюнча "Ош сити" шаарга кире бериштеги Манас айкелинин артына курулушу керек болчу. Азыр ал жер алмашып, калаанын батыш тарабындагы 440 гектар аянтка куруу пландалууда. Жунусбаев акылдуу шаарды курууга атайын дирекция түзүү пландалып жатканын, инвесторлор табылып калганын кошумчалады.



"Жаңы келген мэр жыйын өткөрдү. Бизде батыш тарапта 440 гектар жер бар. Ушул боюнча дагы кеңейтилген жыйын өткөрүү пландалууда. Тиешелүү мекемелерге, архитектура, мамлекеттик каттоого анын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди. Бул боюнча өзүнчө дирекция түзүү пландалып жатат. Мэр өз сөзүндө инвесторлор чыгып жатканын айтты. Жакынкы айларда аны менен тааныштырат. Мурдагы жер шарттарга дагы туура келбей, жери дагы кичине болуп калды. Жакын жерде канализация дагы бар. Азыр батыш тарапта, Барсбектин эстелигинин арты болуп калат".



Жунусбаев Ош сити түшө турган жер элдин үлүшү экенин, жолго жакын жана инфратүзүмгө ыңгайлуу экенин белгиледи. Ал үлүш жерлер ээлеринен сатып алынат.




2023-жылы Ош шаарында 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган Ош шаарча куруу сунушталган. Анда шаардын 2025-жылга чейинки башкы планы көрсөтүлүп, шаардын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты айтылган.



Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай турганы, долбоорго кеминде 2 млрд доллардай каражат жумшалары кабарланган.



29-январда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районунда Кемин-Сити шаарын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документте долбоор Кыргызстандын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу программасынын алкагында ишке ашары жазылган. Кемин-Сити шаары Кичи-Кемин айыл аймагына курулуп, 353,3 га аянтты түзөт.



Жапаров мындан сырткары 2023-жылы жайында Ысык-Көл облусунун аймагында  Асман шаарынын курулушуна старт берген. Капсула салуу аземинен кийин аз убакыт өтүп-өтпөй андагы курулуштар кайра токтоп калган. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (КЕ/ЕВМ)