Ахмед аш-Шараа Сириянын жаңы президенти деп жарыяланды
Сириядагы Башар Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун (АКШ, Орусия жана башка мамлекеттерде террордук деп таанылган) лидери Ахмед аль-Шараа Сириянын жаңы президенти катары жарыяланды. Ал "өткөөл өкмөт иштеп турган маалда" мамлекетти жетектеп турат.
Буга чейин Абу Мохаммед аль-Жулани деген лакап атты колдонуп келген Шараа өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынгыча убактылуу мыйзам чыгаруучу кеңеш түзөрү маалым болду.
Сириянын жетекчилиги Асаддын бийлигинин кулатылышына катышы бар бардык куралдуу топтор таратыларын жарыялады. Андан тышкары мурдагы режим маалында куралган армия жана атайын кызматтар дагы таркатылат.
Алардын ордуна коопсуздук үчүн жооп берген жаңы түзүм негизделери кабарланды.
Аль-Шараа "өткөөл маалдан" кийин шайлоонун негизинде Сириянын расмий өкмөтү түзүлөрүн билдирди. Бирок ал канчага созуларын тактаган жок.
Жаңы президент 42 жашта.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.