ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Тергөө абагындагы Темирлан Султанбековдун маселеси парламентте көтөрүлдү

0
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды. Ал арада жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон үч адам Султанбековго каршы арыз жазганы да айтыла баштады. Султанбеков бул ишти саясий куугунтук катары баалап, 75 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.