АКШ: "Текшерүүдөн коркуп үйдө отурган кыргызстандыктар бар"
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.