ТИМ Орусиядагы мигранттарга 1-апрелге чейин документтерин тактоону эскертти
Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары 1-апрелге чейин укуктук статусун аныктап, документтерин тууралап алышы керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров бүгүн 29-январдагы маалымат жыйында билдирди.
Кадыров Орусияда миграциялык мыйзамдардын өзгөрүшү тууралуу маалымат берип, бул өлкөдө иштеп жаткан жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, эмгек келишими, медициналык кароодон өтүү жана каттоого туруу сыяктуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарышы зарылдыгын айтты.
Кадыровдун айтымында, 2024-жылдын 1-октябрына карата 377 миңдей кыргызстандык жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу "Азаттыкка" маек куруп, 2024-жылдын жарым жылдагы маалыматына таянып Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын болжолдуу саны 605 миңдин тегерегинде экенин айткан. Анын 334 миңдейи Орусияда экенин белгилеген.
Быйыл 1-январдан тартып Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер кирди. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албай калат. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз болот. Андан тышкары 5-февралдан тартып өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр атайын реестрге киргизилип, алардын жүрүм-туруму бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алынат. Буга чейин Мамлекеттик Дума өлкөдөгү миграциялык саясатты тескөө үчүн 12 мыйзам кабыл алган. (ZKo/КЕ)