ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Депутат Акаев блогер Жолболдуеванын билдирүүсүн текшерүүнү талап кылды

0
Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында зомбулук көрдүм деген билдирүүсүн күч органдары текшерип, факты аныкталса катаал чара көрүүлүшүн талап кылды.


“Батма Жолболдуеванын айткандары боюнча чоң реакция болуп, коомчулукка айтылышы керек болчу. Эгер айтканы аныкталбаса, “андай болгон эмес” деп билдиргиле. Адамга жасалгыс мамиле, ал айтып жатат, ошол зордукталгандан кийин өзүн өлтүрөм деп колунунун бир канча жерин тилип жибериптир. Колунда издери турат. Эми ушундай мамиле болбошу керек, муну катуу айыпташыбыз керек. Түрмөлөрдө аялдарга мындай мамиле болбошу үчүн катуу жаза колдонушуңар керек. Бул өтүнүч эмес, бул талап”, - деди Акаев.


Укук коргоо органдары Акаевдин билдирүүсү боюнча жооп бере элек.


Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2024-жылдын 25-декабрындагы түз эфирде видеокайрылуу жасап, 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыккан. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын да билдирген.


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканына байланыштуу билдирүү таратып, блогер буга чейинки соттук отурумдарда зордуктоо жөнүндө айтпаганын белгилеп, анын соңку сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттаган. 




35 жаштагы Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолору жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан.


Баткен милициясы ага аймактагы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.


2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Жолболдуеваны эки берене – “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча актаган. “Ээнбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.


Бул өкүмдү кийин Жогорку сот күчүндө калтырганын Батмакан Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди. (TSh)