ИИМ эки жетекчи кызматтан алынып, бир нечеси тартип жазасына тартылганын билдирди
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 29-январда 2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумдан кийин эки жетекчи кызматынан бошотулганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн ондогон кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди.
Министрлик кайсы жетекчилер кандай алешемдик үчүн кызматтан алынганын, кызматкерлерге кандай жазалар берилгенин тактаган жок.
Министр Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине эл менен тыгыз байланышта иштеп, нааразычылыкты болтурбоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергенин маалымдады.
“Элдин арыздарын, кайрылууларын ыкчам чечүү жана жөнгө салуу - милициянын башкы милдети экенин унутпаңыздар. Арыз-даттануулардын чечилишине тоскоолдук жараткан бардык жагдайларды аныктап, аларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн. Бир дагы жарандын кайрылуусу жоопсуз калтырылбасын, эл менен тыгыз иштеп, жардам сурап кайрылгандарга жеринде көмөк көрсөтүп, абийирдүүлүк менен мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин эскертемин”,- деген Ниязбеков.
ИИМ жетекчилиги жол кырсыктары боюнча маселелерге токтолуп, жооптуу жетекчилердин ишин сындаган. Жолдогу кырсыктардын санын азайтуу тапшырмасы толук аткарылбаганын, кемчиликтер бар экенин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров 28-январда ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алып, коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар жана укук коргоо органдарындагы реформаларды ишке ашыруу тууралуу маалыматын уккан. Министр анда өлкөдөгү 93% кылмыштуулук ички иштер органдарында катталганын, акыркы төрт жылдан бери бул көрүнүш дээрлик 69% азайганын белгилеген.
Акыркы эки жылда бир нече ирет кыргызстандык активисттер жана укук коргоочулар министр Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, митингге чыгышкан. Алар ИИМде тийиштүү реформа жүрбөй, аялдарга жана балдарга зомбулук күч алганын айтып чыгышкан.
2022-жылы ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунда эл менен жолугушуп жатып, милициянын дарегине сын айткан. Ал айрым райондордо отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын, мунун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер табылбай жатканын сындаган.
Ички иштер органдарында кетирген кемчиликтери үчүн иштен алынып, кийин кайра кызматка коюлгандар боюнча да сын-пикир айтылып келет. (КЕ)