Reuters: Сириянын жаңы бийлиги Орусиядан Асадды экстрадициялоону талап кылды
Сириянын жаңы бийлигинин өкүлдөрү Башар Асаддын режими кулагандан берки расмий орус делегациясы менен болгон алгачкы сүйлөшүүлөрүндө “кенемте” жана “өткөндөгү каталарды оңдоо” маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу шейшембиде өткөн сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн отчетунда сөз болгонун Сириянын маалымат каражаттары жана Bloomberg жазды.
Рейтер агенттиги Сириядагы жогорку даражалуу булагына таянып, Сириянын де-факто лидери Ахмед аш-Шараа Москвадан өткөн жылдын декабрь айында өлкөдөн качып, Орусиядан башпаанек алган мурдагы президент Башар Асадды экстрадициялоону суранганын жазды. Мындай талап расмий түрдө эч жерде жарыяланган эмес.
"Диалогдун жүрүшүндө компенсация төлөп берүү, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү сыяктуу конкреттүү чараларды көрүү менен Сирия эли менен болгон ишенимди калыбына келтирүүдө Орусиянын ролу баса белгиленди. Жаңы өкмөт ошондой эле мамилелерди калыбына келтирүүдө тараптардын буга чейинки каталарына көңүл буруу керектигин белгиледи" деп айтылат документте. Ошондой эле Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асаддын Орусия колдогон режиминин курмандыктары үчүн “адилеттиктин” зарылдыгы айтылат.
Маалыматтарга караганда, орусиялык делегацияны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов жетектеп келген. Делегацияга Орусиянын президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев да кирген.
Орус медиа каражаттары сүйлөшүүлөрдөн кийин Михаил Богданов Сириядагы орус аскерий базаларынын келечеги тууралуу маселе жолугушуу учурунда чечилбегенин кошумча сүйлөшүүлөр талап кылынарын билдиргенин жазышты. Богданов Тартус жана Хмеймимдеги базалардын статусунда эч кандай өзгөрүү жок экенин кошумчалаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясынын Сирияга сапарын маанилүү деп атап, Москва Дамасктын жаңы өкмөтү менен “диалогду куруп, улантуусу” керектигин айтты. Песков Сирия бийлигинен компенсация төлөп берүү талабы тууралуу билдирүүгө комментарий берүүдөн баш тарткан.
Былтыр 8-декабрда "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган, Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Асаддын режимин кулаткан, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди. Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирген.
Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берген. (AiA)