Активист Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызы четке кагылды
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3,5 жылга кесилген активисттин жаза мөөнөтүн жылдыруу боюнча арызды 29-январда карап, канааттандыруусуз калтырды.
Өтүнүчтү Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемеси берген. Сотко Аранова өзү онлайн катышты.
Былтыр 21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокаттарынын кассациялык арызын карап, Бишкек шаардык сотунун аны 3,5 жылга кескен чечимин күчүндө калтырган.
Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде 14 жашка чейинки балдары бар соттолгон адамдардын жаза өтөөсүн кийинкиге калтырууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу норма жазылган. Аранованын 11 жаштагы кызы бар.
2017-жылы мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага ушул берене колдонулган. Аны сот беш жылга кесип, бирок 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин ал чечимди Жогорку сот жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн.
Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн жылы апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
28-июнда Бишкек шаардык соту аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган. Мындан соң соттолуучунун адвокаттары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган.
Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова былтыр 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.
Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.
37 жаштагы Каныкей Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, ал 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдө жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (MkT/TSh)