ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Бишкектеги №21 тергөө абагы Ысык-Ата районуна көчүрүлөт

0
Жаза аткаруу кызматына караштуу Бишкектеги №21 тергөө абагы (эл арасында СИЗО-1 деп айтылып келет - ред.) Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Учурда курулуш түшө турган жер тилкеси аныкталып, даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.


Анын белгилешинче, курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген.


Маалыматка караганда, учурда Жаза аткаруу кызматына караштуу он тергөө абагында 1800дөй кылмышка шектүү кармалууда. Ал имараттардын көбү 1950-60-жылдары курулган. Мындан сырткары УКМКнын убактылуу тергөө абагында отургандар дагы бар.



Садыков өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жаңы тергөө изолятору курулуп, ишке берилгенин, Караколдогу жана Оштогу тергөо абактарын жаңыртып, көчүрүү пландалып жатканын кошумчалады. Учурда жаңы имарат курууга жер тилкелер каралып жатат.



№21 тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөрү 2023-жылы жайында айтылган. ЖАК коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар экенин белгилеген.




Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде СИЗО-1де сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда бул жайда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келет.



ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон №47 колония 2023-жылы толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасаган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык атайын башка мекемелерге которулган. Анын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулган. (КЕ)