Соода-өнөр жай палатасы өкмөттү импорттук цементтин баасына көңүл бурууга чакырды
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы цемент өндүрүүчү атамекендик компаниялар кабылган маселелерге байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиевге кат жолдоп, рыноктогу абалга камтамачылыгын билдирди.
Уюм Кыргызстанда цемент өндүрүү өнүгүп жатканын билдирип, аны статистика менен бекемдеди. Кайрылууда айтылгандай, Кыргызстанда 2014-жылы 1 млн 730 миң тонна цемент өндүрүлсө, 2024-жылы 3 млн 100 миң тонна цемент өндүрүлгөн.
“Ошол эле маалда атамекендик цемент өндүрүшү учурда олуттуу чакырыктарга туш болду. Коңшу өлкөлөрдөн цементти импорт кылуу кескин түрдө көбөйтүлүп, баалар демпинг жолу менен (жасалма түрдө бааларды түшүрүү) атаандаштыктын тең эмес шарттарын пайда кылды. Муну менен миңдеген жумуш орундарын камсыздап жана жалаң атамекендик чийки заттарга басым жасап жаткан кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн туруктуулугуна коркунуч жаратты”.
Соода-өнөр жай палатасы тең ата атаандаштык шартын түзүү үчүн сырттан кирген цементке төмөнкү бааны орнотууну жана бул товарды импорттоого он айлык чектөө киргизүүнү суранууда.
Ачык булактардагы маалыматтарда өлкөдө буга чейин беш-алты цемент завод болгону жазылып жүрөт. Алардын айрымдары майда ишканалар жана кээлери жабылып, кайра ачылып турат экен.
Негизинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Түштүк кыргыз цемент” заводу, Ош облусунун Араван районунда “Араван цемент” заводу жана Чүй облусунун Кант шаарында “Кант цемент” заводу көбүрөөк белгилүү.
Президент Садыр Жапаров былтыр 30-августта Кыргызстанда ачылган 100 жаңы объекттин катарында Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун ачылышына старт берип, муну "экономикалык саясаттын жемиши" катары баалаган.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда учурда 8 млн тонна цемент керектелсе, өлкөдөгү заводдор буга чейин 5 млн тонна өндүрүп келчү. Экономика жана коммерция министрлиги жаңы завод 1,7 млн тонна өндүрсө, муктаждык дээрлик жабылып, импортко көз карандылык жоюлат деген позициясын билдирген. (ErN)