ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Токмокто менчикке чыгарылган ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

0
Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу өнөктүгүнүн алкагында Токмок шаарында жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу 28-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.


Материалдарды чогултуу маалында белгилүү болгондой, эс алуу борбору аянты 1,05 га жер тилкеси менен 1995-жылы, ошол кездеги мыйзам ченемдерди бузуу аркылуу менчиктештирилип кеткен. Борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталды.




Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасына” ылайык, бул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт. Башкача айткана, акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек.


Е.У. аттуу жаран борбордо жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акциялардын пакети берилген эмес. Мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденд алган эмес.


Кайтарылган мүлк Токмок шаарынын мэриясынын балансына берилди.


Кыргызстанда тийиштүү мекемелер мурда-кийин жеке менчикке ар кандай жол менен өтүп кеткен жер тилкелери, имараттар жана башка мүлк мамлекетке кайтарылып жатканын, бул иш бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн үзүрү экенин кабарлап келишет. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтышат. (ErN)