ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Газа: Биринчи этапта барымтадан бошотула турган 33 израилдиктин сегизи каза болгон

0
АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ деп таанылган ХАМАС тобу Израил менен тынчтык келишиминин алкагында биринчи этапта бошотулууга тийиш болгон барымтадагы 33 адамдын сегизи каза болгон. Бул тууралуу Израил өкмөтүнүн өкүлү Дэвид Менсер билдирди. Ал каза болгондордун аты-жөнүн тактаган жок.


ХАМАС тарабынан берилген тизмеге ылайык, жакынкы апталарда бошотулушу керек болгон барымтадагы 26 адамдын 18и тирүү кайтып келет. Бул Израилдин чалгындоо маалыматы менен дал келет.


Маалыматка караганда, ушул аптада израилдик алты адам бошотулушу керек. Алардын үчөө Израилге 30-январда, дагы үч адам 1-февралда өткөрүлүп берилет. Алардын арасында буга чейин берилген убадаларга карабай бошотула элек Арбел Ягуд да бар.


Арбел Ягудду АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ деп табылган палестиндердин “Ислам жихады” тобу барымтага алган. 27-январда Ягуддун видеосу жарыяланган. Ал видеонун кайда жана кандай шартта тартылганы белгисиз.


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Арбел Ягуддун, аскер Агам Бергер жана 65 жаштагы Кит Сегал бошотуларын билдирди.




25-январда ХАМАС барымтадагы төрт аскер аялды бошоткон. Израил бийлиги согушкерлер адегенде карапайым тургун Арбел Ягудду коё бербей, келишимди бузду деген жүйө менен тилкенин түндүгүнө жол ачпай койгон.


Макулдашуунун биринчи баскычында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек. 27-январга чейин алардын жетөө мекенине жеткирилди. Израил буга жооп катары алты апта ичинде түрмөлөрүндөгү 200дөй палестинди бошотот.


Соңку маалыматтарга караганда, ХАМАСтын барымтасында 90дой туткун бар болчу. Алардын канчасы тирүү экени беймаалым.



Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (AiA)