ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Сот Путинге кайрылган кыргызстандыкты Орусиядан чыгарууну чечти

0
Орусиянын Свердлов облусунун Первоуральск шаарындагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборунда (ЦВСИГ) жаткан Кыргызстандын жараны Аваз Абдуллаев бул өлкөнүн президенти Владимир Путинге кайрылды. Бул тууралуу Орусиянын ЕАН (“Европейско-Азиатские новости) басылмасы Уралдагы качкындардын ассоциациясынын президенти Людмила Лукашевага таянуу менен жазып чыкты.


Лукашева билдиргендей, 32 жаштагы Абдуллаев президенттин сайтына арыз жөнөткөн. Анда ал мамлекет башчынын 2025-жылдын 30-апрелине чейин мигранттарды өлкөдөн чыгарууга киргизген мараторийин убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери көзгө илбей жатканына даттанган. Кыргызстандык жаран Путинге жолдогон катында өзүн бошотууну талап кылып, ал кармалган жайдын шарттары талапка жооп бербей турганын жазган.


Мындан соң мигранттарды кармоочу жайдын кызматкерлери кыргызстандык отурган камерага кирип, арыз жазуусун токтотууну эскертишкен жана тилкат жаздырып алышкан. Тилкатында болсо Аваз Абдуллаев “Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайдын шарттарына нааразы эмес экенин” жазган. Ошол эле маалда ал “бюджеттен акча жетпей жатса, ыраазычылык иретинде борбордун кызматкерлерине ажаткана тазалоочу буюмдарды, жуучу каражаттарды, кир жуучу тепшилерди жана башка нерселерди белек кылууну” сунуштаган.


Уралдагы качкындардын ассоциациясынын президенти Людмила Лукашеванын маалыматына ылайык, Абдуллаев Орусияда өзүнүн менчик батири бар экенин, анда расмий түрдө каттоодо турарын жана ошол себептүү аны мыйзамсыз кармашканын айтып берген.


Орусиянын Ички иштер министрлигинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз катчысы Валерий Горелых ЕАН басылмасына кыргызстандык тууралуу комментарий берип, сот Аваз Абдуллаевге 2 миң рубль айып пул салып, өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарганын билдирген.


Кабарда кыргызстандык жаран качан жана эмне себептен кармалып, канча убакыттан бери аталган борбордо отурганы жазылган эмес. Абдуллаев жазды деген кагазда кол койгон дата катары 2025-жылдын 23-январы көрсөтүлгөн.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы кыргыз элчилиги Аваз Абдуллаевдин жагдайы тууралуу комментарий бере элек. (ErN)