ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Орусияда рэп ырчысы Моргенштернге издөө жарыяланды

0
Орусияда рэп аткаруучу Моргенштернге (Алишер Валеев) издөө жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз булактарына таянып жазды. Ырчынын адвокаты Сергей Жорин бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок. Анын айтуусуна караганда, тергөө органдарынын аткаруучуга издөө жарыялоосуна негиз жок.


"Алишер учурда дарыланып жатат. Бул тууралуу ал өзү жарыялаган эле", - деп жазды адвокат.


Бир нече күн мурда Моргенштерн маңзат жана алкоголизмден арылуу үчүн атайын жайда дарыланып жатканын жазган.


Тергөө комитети рэп ырчынын мүлкү камакка алынганын билдирди. Буга чейин аткаруучуга "чет элдик агенттин" милдеттерин аткаруудан баш тартып жатканы үчүн айып тагылган. Ага каршы кылмыш иши былтыр сентябрда козголгон.




Ага бир жылда эки жолу айып пул салынганына карабай Моргенштерн социалдык тармактарда өз билдирүүлөрүн "чет элдик агент" деп жазбай, жарыялаганы түрткү болгон.


Ырчы бул макамга 2022-жылдын май айында ээ болгон. Юстиция министрлигинин жүйөсүнө караганда, Моргенштерн эл аралык медиа түйүндөн акча алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзүп келген.


Ырчы Орусиядан 2021-жылы чыгып кеткен. Буга Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин аны маңзат соодасына айыпташы түрткү болгон.