ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Бишкек шаары 2024-жылы 36,8 млрд сом киреше менен чыкты

0
Бишкек шаарынын 2024-жылдын январь-декабрь айларындагы жалпы кирешеси 36,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу 27-январда калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков мэриянын жыл жыйынтыктоочу коллегиясында билдирди.


Ал тактагандай, "бул шаардын кирешеси 2023-жылга салыштырмалуу 14,9 млрд сомго көп дегенди" билдирет. 


Мунун ичинен салыктык кирешелер 16,6 млрд сом, салыктык эмес кирешелер 8,2 млрд сом болду.


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев былтыр 29-мартта бекиткен 2024-жылдын консолидацияланган бюджетинде шаардын киреше жана чыгашасы 32,5 миллиард сом болот деп каралган.


Анын ичинен 24,5 млрд сомдон ашык каражатты (16,06 млрд сом салыктык кирешелер, 2,3 млрд сом салыктык эмес кирешелер жана 6 млрд сомдон ашыгы активдер менен милдеттенмелер) Бишкек шаары өзү тапмак. Республикалык бюджеттен шаарга 7 миллиард сом бөлүнмөк.


2023-жылы Бишкек шаарынын бюджети 22 млрд 869,5 млн сом деп бекитилген. Жыл жыйынтыгында калаанын өзүнүн кирешеси 23 млрд 185,7 млн сом менен чыккан. Мэрия мурдагы жылы ошондой эле конкреттүү максаттар үчүн республикалык бюджеттен 7 млрд 192,3 млн сом каражат алган. (ErN)