ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

АКШдагы элчилик кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырды

0
Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы жана Канададагы элчилиги АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу билдирүү таратты. Анда өлкөнүн расмий бийликтери чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу жүрүүгө негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатканы белгиленген.


Кыргыз элчилиги "ушул себептен улам АКШнын аймагында жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландаштырган кыргыз жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону, өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү" сунуштайт.



Маалыматта айтылгандай, бул өлкөдө жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине, Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылса болот.



47-президент Дональд Трамп ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.




Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын Американын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн. Анын ичинде Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында Американын “суверендүүлүгү коркунучта” деп белгиленген. Документте Американын түштүктөгү чек арасын картелдер, кылмыштуу топтор, керек болсо террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганы, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзаттар кирип жатканы белгиленген.



Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.



Буга чейин Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси жабылган. Euronews жазган маалыматка караганда, CBP One тиркемеси аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган. Тиркеменин колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү Куба, Венесуэла, Гаити жана Мексиканын жарандары болгон. Аталган система иштеп турган чакта 1 миллиондон ашык мигрант АКШга кирүүгө мүмкүндүк алганы айтылат.



Кыргызстандын айрым жарандары дагы ушул жол аркылуу Американын аймагына өтүшкөнүн "Азаттыктын" берүүлөрүндө айтып беришкен. (КЕ)