"Социал-демократтардын" мүчөсү Эрматов убактылуу кармоочу жайдан чыкты
Үч суткага милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов 26-январда эртең менен чыкты. Бул тууралуу анын жубайы Чолпонай Эрматова "Азаттыкка" кабарлады. Ал жолдошунун абалы оор болуп, ооруканада текшерүүдөн өтүп жүргөнүн билдирди.
23-январда аталган партиянын төрагасынын орун басары Кадырбек Атамбаев Эрматовдун дайыны табылбай жатканын айтып чыккан.
Чолпонай Эрматова жолдошу менен акыркы жолу 22-январда саат 14:00 чамасы телефондон сүйлөшкөн бойдон кабар ала албай жатканын "Азаттыкка" ырастаган. Ал жолдошунун уруп-сабалганы тартылган видеону жөнөтүшкөнүн айтып берген.
Ушул эле күнү кечке маал Бишкек шаардык милициясы Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганын билдирген. Шектүү “Майда ээнбаштык” жана “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренелеринин негизинде Октябрь райондук милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду. Октябрь райондук соту аны үч суткага камоо чечимин чыгарган.
Милиция ал добуш сатып алуу тууралуу иш боюнча далилдерди жашырууга аракет кылган деп шектелип жатканын айткан. Эрмек Эрматов Кадырбек Атамбаевдин айдоочусу экенин, токтомдун негизинде тинтүүгө алуу үчүн анын айдап бараткан машинасын токтотконда "талаптарга баш ийбей, унаага бекинип, ичиндеги электрондук каражаттарды жок кылууга аракет кылганын" билдирген.
Кадырбек Атамбаев милициянын бул аракетин айыптап, “мыйзамсыз” көрүнүш деп билдирди. Ошондой эле ал далилдерди жашырууга аракет кылган деген маалыматын четке каккан.
Азыркы тапта "Социал-демократтар" партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.
Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, "Социал-демократтар" партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (КЕ)