"Кыргызиндустриянын" мурдагы башчысы жана орун басары эки айга камалды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Кыргызиндустрия" ишканасынын мурдагы башчысы Жарасул Абдураимов менен анын орун басарын эки айга камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Абдураимовдун адвокаты Таалай Эргешов 26-январда билдирди.
“Бөгөт чарасын 25-январда карап, экөөнү тең 24-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренесинин экинчи бөлүгү менен айып коюлуп жатат” - деди Таалай Эргешов.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жарасул Абдураимов жана анын орун басары кармалганын 25-январда билдирген.
Атайын кызмат 2022-2024-жылдар аралыгында “Кыргызиндустриянын” алдында 40тай компания түзүлгөнүн маалымдаган. Шектүүлөр туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деп айыптаган.
Ошондой эле жетекчилик кызматтарга жакын тууган, санаалаштарын койгонун белгилеген.
Жарасул Абдураимов кармалардан бир күн мурда, 24-январда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматынан алынганы белгилүү болгон. Ал бул кызматты 2022-жылдын январынан тарта аркалап турган.
Ишкананы Абдураимов жетектеп турганда коротулган каражат тууралуу сын-пикирлер Жогорку Кеңеште да айтылган.
"Кыргызиндустрия" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген. (MKt )