ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Трамп араб өлкөлөрүнө газалыктарды алып кетүүнү сунуш кылды

0
АКШнын президенти Дональд Трамп Иордания, Египет жана башка араб мамлекеттери менен сүйлөшүп, Газанын тургундарын алып кетүүгө көндүрүү аракетин көрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.


Жаңы администрация бир жарым миллиондой палестинди анклавдагы кайра куруу иштери аяктагыча көчүрүп турууну сунуш кылды. Трамптын айтымында, тургундар убактылуу жана узак мөөнөткө көчүрүлүшү ыктымал.


АКШнын лидери согуш Газа тилкесинин таш-талканын чыгарганын, учурда ал жакта жашоо мүмкүн эместигин белгиледи.


Буга чейин Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Виткофф дагы Газадагы палестиндерди башка жерлерге, анын ичинде Индонезияга көчүрүү ыктымалдыгы караларын айткан.


Жакарта Ак үйдүн ал планы тууралуу кабардар эместигин билдирген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Газаны калыбына келтирүү ишинде жардам берүүгө даярдыгын айтып келген.


Трамп ошондой эле Израилге салмагы 900 килограммга чейин жеткен авиабомбаларды берүүгө чектөө алынганын жарыялады. Андай тыюуну мурдагы президент Жо Байден киргизген.