Темирлан Султанбеков медициналык жардамдан баш тартып, ачкачылыгын улантууда
Социал-демократтар партиясынын лидери, камактагы Темирлан Султанбеков тергөө абагында дарылануудан баш тартып, ачкачылыгын улантып жатканын адвокаты Айдана Ирсалиева 25-январда маалымдады. Анын абалы оор жана тезинен ооруканада дарыланууга муктаж экенин белгиледи.
“Абакта 72 күн ачкачылык кармаганы Кыргызстандын тарыхындагы жалгыз көрүнүш. Тилекке каршы, бул Султанбековдун ден соолугуна өтө терс таасир берди. Кечээ, 24-январда ал Бишкек шаардык милициясынын имаратында эс-учун жоготуп, “Тез жардам” келгенге чейин тергөө абагына жеткирилди. Ал жакта Султанбековго эркине каршы медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эс-учун жарым-жартылай жоготкон абалда болгону үчүн тамчылатма дары куюшту. Учурда Султанбеков эркине каршы дарылануудан баш тартып, ачкачылыгын улантууда”, - деди адвокат Ирсалиева.
24-январда Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготуп жыгылганын анын башка адвокаты Аскат Алымкулов билдирген.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.
Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда “добуш сатып алуу” беренесине шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялап, андай чечимин “мыйзамсыз иштерге” протест деп түшүндүргөн.
Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Султанбеков абактан бир нече жолу бийлик жетекчилерине кайрылып, ага коюлган айыптарды четке каккан жана “саясий куугунтук” деп баалаган. (TAb)