ЖАК тергөө абагында эки жаран кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектеги 1-тергөө абагында (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) жаза өтөп жаткан эки жаран кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы мындай билдирүүнү 25-январда таратты.
Бир күн мурда укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагында жаткан Жумабек Саатбеков жана Марат Ибрай уулу аттуу жарандар катуу сабалып, оор абалда экенин Фейсбукка жазган.
Жазаларды аткаруу кызматы бул эки жаран “абактын эрежелерине баш ийбей, жаза өтөп жаткан башка адамдарга басым көрсөтүп, мекеменин ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылганын” белгиледи.
"Алар бир канча жолу ызы-чуу чыгарып, абактагы башка жарандарды мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн жана түзөтүү мекемесинин коопсуздугуна коркунуч жараткан. 2025-жылдын 15-январында саат 23:45те тинтүү иштери жүрүп, жыйынтыгында Жумабек Саатбековдун керебетинен РОСО уюлдук телефону жана SIM карта табылган. Ошол эле маалда Марат Ибрай уулунан да уюлдук телефон табылып, алынган. Бул фактылар алардын мыйзамсыз иш-аракетинин далили. Жаза аткаруу кодексинин 118, 119-беренелерине ылайык, Саатбеков 15, Ибрай уулу 10 суткага айып изоляторуна которулган”, - деп жазылган маалыматта.
Мекеме эки соттолуучу тең айыбын мойнуна алганын жана түшүнүк кат жазганын тактаган. Аларга карата колдонулган чара мыйзамга каршы келбей турганын кошумчалаган.
Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. 23-декабрда ондон ашык киши аталган тергөө абагынын алдына чогулган, алар абакта кармалган жакындары менен жолуктурууну талап кылышкан.
Жазаларды аткаруу кызматы мындай маалыматты төгүндөп, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирген.
Кыргызстандын абактарындагы окуялар боюнча президент Садыр Жапаров да комментарий берип, социалдык тармактарда тарагандай абактарда киши өлүмү болбогонун, тинтүү туура жасалганын, түрмөлөрдө тартип болушу керектигин айткан.
Мамлекет башчы маалыматты Орусиядагы иш сапары учурунда Интернеттен окуп, Кыргызстанга чалып тактаганын, абактарды тинтүү учурунда 700гө жакын кол телефон алынганын билдирген. Абакта отургандар телефонду эркиндиктеги адамдарды алдап, шылуундук кылып, акчасын тоноо үчүн колдонорун айтып, бул үчүн бир катар мисалдарды келтирген. Өзүнүн жана жубайынын атын сатып, 30-50 миң сомдон акчасын алып койгон учурлар болгонун, андай кылтакка өздөрүнүн эле жакындары жана айрым мамлекеттик кызматкерлер илинип калганын айткан. (TAb)