"Эки саат тынбай сабады". Аида уулун алып, Түркиядан кетүү жолун издейт
Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандык келин түрк күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын "Азаттыкка" айтып берди. Буга чейин социалдык тармактарда келиндин денесинде көгала издер бар экени жана колу бычак менен кескиленгени жарыяланган.