ХАМАС туткун айырбаштоо үчүн дагы төрт израилдиктин тизмесин берди
АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму 25-январда бошото турган төрт туткундун ысымын ортомчулар аркылуу Израилге бергенин билдирди.
Тhe Times of Israel алардын ысымын тактап, Карина Ариев, Даниэлла Гильбоа, Наама Леви жана Лири Альбаг экенин жазды. Баары Израилдин Коргоо министрлигинин армиясында ыкчам кызмат өтөгөн израилдик жарандар экени белгиленди. Туткундар Газада 477 күн кармалып турушту.
Израилдик басылмалар алгач алынган тизме туткун айырбаштоонун шартына туура келбей турганын жазып, кийин Израил тарап бул сунушка макул болгонун такташты.
Барымтага алынгандар Израилдин түрмөлөрүндө кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан палестиналык туткундар менен айырбашталат.
Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга ылайык, туткунга түшкөн бир аскер кызматкери үчүн Израил соттолгон 50 палестиналыкты, катардагы бир жаран үчүн 30 палестиналыкты бошотушу керек.
19-январда ХАМАС алгачкы үч туткунду бошоткон. Израил буга жооп катары 90 палестиналыкты коё берген. Алардын көпчүлүгү Иордан дарыясынын батыш жээгине жөнөтүлгөн.
ХАМАС Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун негизинде биринчи этапта бошотушу керек болгон 33 туткундун тизмесин даярдаган. Андагы туткундардын ысымы Израил тарапка жума күнү жөнөтүлүп, айырбаштоо жараяны ишембиде болору божомолдонууда.
Израил буга жооп катары жалпысынан эки миңдей палестиналыкты абактан бошотот.