Абактагы Темирлан Султанбеков сурак маалында эс-учун жоготуп жыгылды
24-январда Социал-демократтар партиясынын ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чараларына катышып жатканда кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Социал-демократтардын мүчөсү Кадырбек Атамбаев энеси Раиса Атамбаева менен сурак берип чыкты.