ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.


Ага ылайык, сөгүш президенттин Кытайга жасала турган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирилген одоно катасы жана "мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы" үчүн берилген.


"Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирген одоно катасы үчүн сөгүш берилди", - деп жазылат билдирүүдө.




Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп 2022-жылдын күзүндө дайындалган. Ал 2009-2013-жылдары Кыргызстандын Бээжиндеги дипломатиялык мекемесинде биринчи катчы жана элчинин кеңешчиси болуп иштеп келген.


Садыр Жапаров февраль айынын башында Кытайга мамлекеттик сапар менен бара турганы кабарланган.