Израил армиясынын башчысы кызматтан кетерин жарыялады
Израилдин Коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) башчысы, генерал-лейтенант Герци Халеви ушул жылдын 6-мартында кызматтан кетерин жарыялады. 21-январда жасаган билдирүүсүндө ал ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун кол салуусуна жол бергендердин алешемдиги үчүн жоопкерчиликти толук өз мойнуна алды.
“Мен Израилдин Коргонуу армиясынын катачылыктары жана анын ийгиликтери үчүн толук жоопкермин. Бирок бул ийгиликтерге жетпей деле койсок болмок. Согуш башталган күнкү кайгы-капаны, жоготууларды артка кайтара турган ийгилик деле жок”, - деди ал.
57 жаштагы генерал Израил армиясынын Башкы штабын 2022-жылдын декабрь айынан бери жетектеп келет. Ал ошондой эле ЦАХАЛ бардык аскердик максаттарына жетпей калганын кошумчалады.
Халевиден кийин эле армиянын Түштүк командачылыгынын башчысы Ярон Финкельман кызматтан кетерин жарыялады. Ал дагы 2023-жылдын 7-октябрында карапайым тургундарды террорчулардан коргоо милдетин аткара албай калганын жүйө келтирген.
ХАМАС анда Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөйүн барымтага алган. Согушкерлерден өч алуу максатында Израил Газада согуш баштаган. Анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 15 ай ичинде аймакта 47 миңдей палестиндин өмүрү кыйылды.
19-январда Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирди. Анын алкагында согушкерлер туткундагы үч аялды, ал эми Израил өз түрмөлөрүнөн 90дой палестинди бошотту.