Шавкат Мирзиёев Трампты Өзбекстанга чакырды
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трампты кызматка киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу өзбек лидеринин маалымат катчысы Шерзод Асадов 22-январда билдирди.
Өз куттуктоосунда Мирзиёев Трамптын жаңы президенттик мөөнөтү маалында Американын глобалдык аренадагы ролу, эл аралык аброю, экономикалык кубаттуулугу жана потенциалы өсөрүнө ишенерин айткан.
"Биринчи президенттик мөөнөтүңүздүн учурунда АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы доору башталып, биздин диалог жогорку деңгээлге чыкканын белгилейм", - деген Мирзиёев Ташкент эки тараптуу алакалардын мындан аркы өнүгүшүнө кызыкдар экенин кошумчалаган.
Ал ошондой эле Трампты Өзбекстанга келип кетүүгө чакырган. Өзбек президенти былтыр ноябрда Трампты шайлоодо жеңиши менен куттуктаган.
2018-жылдын май айында Мирзиёев Вашингтондо Дональд Трамп менен жолуккан.
Трамп 20-январда ант берип, президенттик кызматка расмий киришти. Ал буга чейин Американын башында 2017-2021-жылдары турган. Буга чейин анын расмий кызматка киришүүсү менен Борбор Азия лидерлеринин ичинен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктаган.