ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкек - Ош жолунда тынымсыз кар көчкү түшүп жаткандыктан, ӨКМ элди жолго чыкпай турууга чакырды

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-январда саат 19.15те тараткан маалыматта Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда тынымсыз кар жаап, көчкү жүрүп жаткандыктан элди жолго чыкпай турууга чакырды.


Маалыматта кар көчкү түшкөн аймактагы абалды байкоо, координациялоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана куткаруучулар жөнөп кеткени жазылган. Мекеме кошумча маалымат берилерин билдирди.


Бүгүн саат 16:15 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылган. Кечке жуук ушул эле аймакта кайра кар көчкү түшкөнү кабарланды. Социалдык тармактардын колдонуучулары кар көчкү бир нече машинени басып калганын билдирип, видеолорду таратып жатат.


ӨКМ бул боюнча маалымат бере элек.


Ушул тапта "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.


ӨКМ өлкөдө 22-январдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар катуу жааганына байланыштуу, зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай туруу керектигин, толуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскерткен.